Билип ал Ден-соолук

Сууну аз ичүү өтө кооптуу. Суунун жетишсиздиги кандай ооруларды алып келет?

Ичип-жеп жаткан азыктарын көзөмөлдөй албаган адамдын ден-соолугу бат бузулат. Организмде суу эң башкы ролду ойнойт. Суунун жетишсиздиги бир топ көйгөйдү жана ооруларды жаратат. Жалпысынан алганда, суу биздин физикалык прогресстин кыймылдаткычы.

Денедеги суюктуктун жетишсиздин кандай белгилерден улам билсе болот?

Дайыма суусап туруу, тойбогон ачкачылык, эриндер жана тери дайым кургак болуп турат. Ушунун бардыгы бизге кыйыр түрдө суунун жетишсиздигинен кабар берет. Көп адамдарда ашыкча тамактануу көйгөйү бар. Көбүнчө суусоо сезими менен ачкачылык сезимин чаташтырабыз. Муну кантип текшерсе болот? Эгер тамак жегиңиз келсе, алгач бир стакан суу ичип алыңыз. Ачкачылык жок болду — бул сууга болгон муктаждык болуп саналат.

Эгерде сиз узак убакытка чейин ичүү режимин четке кагып, күчтүү диуретикалык эффектке ээ болгон күчтүү чайды жана кофени жактырсаңыз, анда жүрөк-кан тамыр системасынын — жүрөк пристубунун кийинки кесепеттери менен коюу кан түрүндөгү көйгөйлөр жаралат, инсульт, гипоксия, баш айлануу. Мындан тышкары ичтин катуусу, өт, боордун иштеши начарлайт.

Сууну керектөө нормасы 10 кг салмакка 0,3 литрди түзөт. Ар бир адам кайнатылбаган сууну (салмагына жараша) суткасына бир жарым дитрден кем эмес ичиш керек. Сөзсүз түрдө эртең менен тургандан кийин 1 стакан жылуу сууну ичүү керек. андан кийин 30-40 мүнөттөн кийин гана тамактаныңыз. Ар бир эки саатта 1 стакандан суу ичип туруңуз. Суу-өмүр булагы.

Яндекс.Метрика