Жаңылыктар

Сузакта жаңгак терип жүргөн эки бир туугандын жансыз денеси чатырда табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагында эки бир тууган чатырдын ичинде каза болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын басылмасы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар ошол аймакта жаңгак терип жүрүп, күндүн сууктугунан улам чатырды сыртынан кленка ороп жылуулап, ичине от жагып уктап калышкан. Анын кесепетинен экөө тең ууланышкан. Аларды жаңгак терип жүргөн башка адамдар табышкан.

Иллюстрация

«Окуя 29-октябрда болгон. Алар Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын тургундары 48 жана 46 жаштагы бир туугандар болгон. Алар Кара-Алма айыл аймагынын Чоң-Таш жайлоосунда чатырдын ичинде от жагып, түтүнгө ууланып каза болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Райондо быйыл жаңгак токою жакшы мөмө берди. Жаңгак 60 сомдон 120 сомго чейин сатылууда.

Яндекс.Метрика