Жаңылыктар

Сузактагы массалык мушташтын видеосу тарады

8-январь күнү 30 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган, болжол менен 18-20 жаштардагы 10-15 жигит компьютердик клубду бузуп киришкен. Алар имараттын терезелерин жана эшиктерин талкалап, мушташкан. Арыз ээси материалдык чыгымдын ордун толтурууну жана бейбаштарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Мындан тышкары, белгилүү болгондой, ошол эле күнү ушул оюн клубунда 21 жаштагы жигит бутунан жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Яндекс.Метрика