Жаңылыктар

Сузактын тургуну тышкы карызды төлөө үчүн 10 миллион сом которду

26 жаштагы Умар жеке ишкерлик менен алектенет. Быйыл ал бала бакча курууну пландаган, бирок Кыргызстандын тышкы карызы боюнча маселе орчундуу болуп жаткандыктан ишкер өлкөнүн карызын төлөөгө салым кошуу туура болот деп чечкен.

«Бул маселе боюнча мен атам жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңештим. Өлкөбүздүн келечеги биздин келечегибиз. Мындай кырдаалда баарыбыз колдоо көрсөтүшүбүз керек. Башка бай адамдар дагы өз салымын кошот деп ишенем. Бизде ашыкча байлык жок, бирок бала бакчанын курулушуна чогулган каражат бар болчу. Менимче, өлкөнүн тышкы карызы биринчи орунда турат», — деди ал.

Умардын үй-бүлөсү жылына начар жашаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген 150 адамга жардам көрсөтүп турат.

Эске салсак Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачкан.

Яндекс.Метрика