Жаңылыктар

Сыймык Жапыкеев Финполдун жетекчиси болду

«Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп дайындалды.

Буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кызматтан кетти.

Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. «Чоң казат» партиясы менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышып 7 пайыздык босогодон өтө албай калган.

Яндекс.Метрика