Жаңылыктар

Сыймык Жапыкеев Жумалиевге утулуп калды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча Бишкек шаардык соту чечим чыгарды.
Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.


Кубанычбек Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.
Ленин райондук соттун чечими менен Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевге 10 миң сом айып төлөй турган болду.

Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.
Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.

Яндекс.Метрика