Түбөлүк жаштыктын сыры табылды

Адамга генетикалык 120 жашты жашоого кепилдик берилсе дагы, өмүрдүн аздыгына кыргыздар дайыма өкүнүп келебиз. Япондордун орто жашы 79 жаш, австралиялыктар, гректер, канадалыктар жана шведдердин орто жашы 78, немецтер менен америкалыктар 76 жаш, орустар, түрктөр 67, ал эми нигериялыктар, сомалиялыктар үчүн 47 жаш.
Канткенде көп жашайбыз? Эң башкысы тамакты тойо жебеш керек. 2500 каллориянын ордуна денеге 1500 каллория жетиштүү. Тамак-ашты канчалык аз жесеңиз, клеткалар ошончолук бат алмашып, зат алмашуу бат жүрөт. Кыскасы бир калыптуулукка көнүү керек, тамакты көп дагы эмес, аз дагы эмес жегенге көнүү керек. Дайыма жаңгак жана малдын боорун жеп жүргөн айымдардын бетинде бырыш аз болот. 50 жаштагыларга кальций, магний, фосфор керек. Бул заттар жүрөктүн жакшы иштешин камсыздайт.
40 жаштан жогору эркектер бөйрөк этти, катуу быштактарды жана жашылчаларды көп пайдалануусу керек. Анткени бул азыктар адамды стресстен сактайт.
Эң башкысы адам өзүнө жаккан, жүрөгүнө жакын кесипке ээ болуусу зарыл. Француздар айтмакчы, “Иш адамды жашартат”. Ким иштебесе ал өз курагынан кур дегенде 5 жашка улуу көрүнөт. Өзгөчө чыгармачылык менен иштегендер, философ, дрижер жана диний кызматкерлер дүйнө жүзү боюнча көп жашап жана жаш көрүнүшөт.