Жаңылыктар

Түнкү клубда 5 кыз чогулуп эркек кишини сабап өлтүрүп салышты

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде эркек киши кызга кол салып, бирок ал өзү сабалып каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-октябрда саат 02:00дөр чамасында 102 кызматына жергиликтүүлөрдөн чакыруу түшкөн. Окуя Восток-5 кичи районунда болгон. Телефон чалгандар ал киши каза болгонун айтышкан.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 30-35 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денесин табышкан. ШИИБдин кызматкерлери дароо кылмышка шектүү катары жети адамды: 1990-жылы туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 2000-жылы туулган С.У., жана А.А. жана Н.А. 1992-жылы туулган кыздар.

Кармалгандар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилген. Шектүүлөрдүн айтымында, адам өлтүрүү мушташ учурунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында каза болгон адам сүйлөшкөн кызы менен урушуп кетип аны сабап салган. Ал кыз төрт курбусу жана эки эркек адам менен барып өч алуу максатында жигитти сабап салышкан. Натыйжада ал ошол жерден каза болгон. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика