Кызыктуу

Төшүн жүн каптаган кыз алгачкы жолу сүрөттөрүн жарыялады

Африкалык аял төшүндөгү жана колтуктагы жүндөрүн көрсөтүп күйөрмандарын кубандырды. Ал өзүнүн сүрөттөрүн инстаграмдагы баракчасына жүктөгөн.

24 жаштагы Эстер Каликст-Беанын айтымында, ал өмүр бою денесиндеги ашыкча жүндөн жабыр тартып келген. Башкалардын көптөгөн мазактоолорунан улам өз жанын кыюуну пландаштырган. Бирок, бул өзгөчөлүк алардын үй-бүлөсүндө гана бар экенин,тукум кууп келатканын билгенден кийин ал өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууну чечкен.

«Денемди сүйүү үчүн өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгү талап кылынды. Мен сулуулукту ойлондум жана коомдун мага өз стандарттарын таңуулоосуна жол бербейм. Бул оңой болгон жок. Алгач өзүмдү күчтөп көчөгө ачык кийимчен чыктым. Андан кийин көнүп, өзүмдү жакшы сезе баштадым», — деген ал.

Күйөрмандары африкалык аялдын эрдигине суктанып, Instagramдагы сүрөттөрдүн биринин астындагы комментарийлерде аны макташты. «Сен сулуусуң», «Жаратылыштын сулуулугу баарынан жагымдуу», «Мен сени сүйөм», «Сулуу ханайым», «Сенин эр жүрөгүңө таазим!» — деп жазып жатышат.

Яндекс.Метрика