Кызыктуу

Төшөк оюнун кантип кызыктуу кылуу керек?

Ар бир үчүнчү түгөй сексуалдык жактан төп келишпейт. Билинбегени менен бул үйбүлөлүк турмуштун чоң трагедиясы. Жыныстык жактан тил табыша албаган жубайлар бирин-бири сүйүп турса да, ажырашып кетиши мүмкүн. Бирок, бардык нерсенин жолун тапса болот эмеспи. Адистер бул көйгөйдү чечүү үчүн төмөндөгүдөй сунуштарды беришет: 


1. Алгач жубайлар өзүнө суроо салышы керек. Күйөөңүз же аялыңыз сизге эмнеси менен жакпай жүрөт. Балким төшөктөн сырткары сизди кыжаалат кылган кылыктары бардыр. Жакшылап ойлонуп, баарын анализден өткөрүп көрүңүз. 


2. Түгөйүңүздүн төшөк оюну маалындагы кайсы бир жоруктары, талаптары сизге жакпаса ачык айтыңыз. Сүйлөшүп, кээ бир ыкмаларды чогуу иштеп чыгуу сизге да, ага да пайдалуу экенин унутпаңыз. 


3. Төшөк кумары ырахат алып келиши керек. Жубайыңыз экөөлөп аракет кылганда гана буга жетүүгө болот. 
4. Үйдүн түйшүгү түгөнбөйт. Ал үчүн төшөк кумарынан баш тартуу туура эмес. Кээде дем алыш күндөрү балдарды тууган-туушкандардыкына жиберип, телефондорду өчүрүп, жападан жалгыз болууга аракет жасагыла. 
5. Маал-маалы менен адистерге кайрылгыла. Ортодогу түшүнбөстүктөрдү психолог, сексолог аркылуу чечсе болот. 


6. Албетте, төшөк кумарысыз деле бирге жашоого болот. Бирок күн менен түн сымал аял эркекке, эркек аялга керек. Төшөк кумарына аз баткан аялдар эмчектин залалдуу шишигине, эркектер неврозго көп кабылаары илимде далилденген. Андыктан, секс бирин-бири түшүнүүгө, ден-соолукту чыңдоого, эң кыскасы, бактылуу жашоого стимул берерин эстен чыгарбаңыз.

@айым

Яндекс.Метрика