Кызыктуу

Түгөйлөр ортосундагы сүйүүнү бул 4 нерсе жок кылат

Сүйүү деген назик гүлдөй болот. Бул сезимди жакшылап карабаса аны жок кылчу нерселер көп. Сүйүүнү эмнелер жок кылат билип алгыла.

Кызганыч

Түгөйлөрдүн ортодосундагы мамилени бекем кылып кармап турган нерсе бул-ишеним. Бири-бирине болгон ишеним аз болгондо түгөйлөрдө кызгануу сезимдер көбөйөт. Түгөйүңүздүн ар бир кылган ишинин артынан түшүп, аны толук көзөмөлдөп, ар бир кадамынан сурак алып турсаңыз уруш-талаштарга алып келет. Мындайдан адамдын бат көңүлү калып сезимдер жокко чыгат.

Калп

Калп деген нерсе кандай гана чоң сүйүү болбосун аны уратып жок кылат. Ким эле калп айткан адам менен бирге болгусу келсин. Туурабы?

Аны өзгөртүү

Сүйүшкөндөр жаңы мамиле куруп баштаганда бири-биринин жакшы жактары менен кошо жаман жактарын дагы таап чыгышат. Жакпаган мүнөзүн, жүрүм-турумун, адаттарын өзгөртүү өтө кыйынга турат. Адам 25 жашка чейин жашоодон алган тажырыйбасынан улам анын көз карашы, жашоо обоазы түзүлүп калат. Ойлонуп көрүү керек, ал адамдын жакшы жагынан жаман жагы көп болсо анда аны менен бирге болуу керекпи?

Салыштыруу

Башка адамдардын жашоосуна көз артуу туура эмес. Адамдарга башкалардын жашоосу дайма жакшы көрүнөт. Кошуналар, туугандар, достор болобу баары бир алар менен чогуу жашабайсыз да. Алардын чыныгы жашосунда эмне болуп жатканын билүү кыйын. Ошондуктан түгөйүңүздү башкалар менен салыштыруу көңүлдүн калуусуна алып келет.

Яндекс.Метрика