Жаңылыктар

Түнү менен үйлөрдү өрттөшкөн. Каза болгондор 13 адамга жетти

30-апрелдин эртең мененки саат 08:00гө карата расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Максат айылы

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда.

Ал эми Тажикстандын маалымат булактары алар тараптан 7 адам каза болгонун жазышууда.

Жергиликтүү калктын айтымында тажиктер түнү менен атышууну токтотушкан эмес. Кыргыз жерине кирип келип ондогон үйлөрдү өрттөп жиберишкен. Айрым тургундардын айтымында Лейлек районуна караштуу Максат айылын толугу менен өрттөп салышкан.

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.

Видео:

Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.

Яндекс.Метрика