Жаңылыктар

Түнкүсүн аялдарды муунтун акчаларын уурдап жүргөн жаш балдар кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түнкүсүн аялдарга кол салган эки баланы кармашты. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Кармалган жергиликтүү тургундар буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы Б.М жана 21 жаштагы К.Д.

«Кийин белгилүү болгондой, кол салгандар өткөн жылдын декабрь айында жана ушул жылдын январь айында аялдарга үч жолу кол салышкан. Алар аялдарды муунтуп, негизинен уюлдук телефондорун алып, кылмыш болгон жерден качып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Яндекс.Метрика