Түптө жол кырсыгынан 3 бала каза болду
Ысык-Көл облусунун Түп районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди.
12-апрелде саат 23:15 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун (Михайловка айылына жакын) 204-чакырымында Тойота Камри менен Ауди С4 кагышкан. Кагылышуунун натыйжасында 3 бала каза болду.
2002-жылы туулган К.А.,
2001-жылы туулган Т.К.,
2001-жылы туулган Р.К.
Мындан тышкары дагы үчөө жаракат алышты. 2000-жылы туулган Т.уулу Б., 2000-жылы туулган А.уулу Ю. жана 2000-жылы туулган Ж.Т. Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Түп районундагы ооруканага жеткирилишти. Каракол шаарынын №15 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.