Жаңылыктар

Түрктөрдүн Байрактары Кыргызстанга келди

Садыр Жапаров бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын кызматына кирген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын карап чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына бул аппараттарды башкаруу системасы айтылып, алардын иши көрсөтүлдү. Дрондор республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатылып алынган жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыздоого, анын ичинде мамлекеттик чек араларды коргоого жумшалат.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Кыргызстан дрондорду Түркиядан сатып алып жатканын билдирген. Анын айтымында, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо үчүн 40 даана брондолгон аскердик техника сатып алууга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн.

Яндекс.Метрика