Түз эфир: Бишкекте митинг. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чогулушту
Бүгүн, 29-ноябрда БШКнын алдында парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул болбогон партиялар митингге чыгышты.
29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.
Алар:
“Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%,
“Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%,
“Альянс” – 8,06%,
“Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%,
“Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.
Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.
Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.
Видео: