Кызыктуу

Төлбаев: «Аялдын жашоодогу эң чоң жетишкендиги бул күйөөгө тийип бала төрөгөнү»

Бишкек шаардык кеңешке талапкер Бабур Төлбаев аял затынын жашоодогу жетишкендиги бул турмушка чыгып, бала төрөп аларды караганында экенин жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Видео:

2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Бабур Төлбаев талапкерлерлигин коюп, анда ал бир топ белгилүү саясатчылардан ашып өткөн.

Төлбаев 1976-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинде англис-француз факультетин аяктап андан кийин АКШда билим алган. «Мол Булак» банкынын негиздөөчүсү. Учурда бийликчил пратия менен Бишкек шаардык кеңешине ат салышууда.

Яндекс.Метрика