Видео

Төлбаев: «Аялым байпагыңды көрүнгөн жерге ыргытпа деп эч качан айтпайт»

Бишкек шаардык кеңешке талапкер Бабур Төлбаев аял затынын жашоодо жетишкендиги бул турмушка чыгып, бала төрөп аларды караганы экенин жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Мындан тышкары ал өзүнүн жубайын жакшы көрөөрүн жана ал күйөөсүнө эч качан «дагы байпагыңды көрүнгөн жерге ыргытып кете бердиңби» деп айтпасын билдирген.

Видео:

2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Бабур Төлбаев талапкерлерлигин коюп, анда ал бир топ белгилүү саясатчылардан ашып өткөн.

Төлбаев 1976-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинде англис-француз факультетин аяктап андан кийин АКШда билим алган. «Мол Булак» банкынын негиздөөчүсү. Учурда бийликчил пратия менен Бишкек шаардык кеңешине ат салышууда.

Яндекс.Метрика