Билип ал

Төшөк оюнунун ден-соолукка болгон пайдалары

Окумуштуулар узак убакытка төшөк кумарына аралашпай жүрүү ден-соолукка зыян экенин айтып келишет. Төшөк оюндарынын ден-соолукка болгон пайдасы тууралуу төмөндөн билип алгыла.

1. Кан басымын түшүрөт.

Кан басымы жогору болгон адамдарга адистер жыныстык катнашта көбүрөөк болуп турууну сунушташат. Анткени Пейсли университетинин изилдөөчүлөрү “жыныстык катнаш кан басымын түшүрөт” деген чечим чыгарышкан.

2. Иммунитетти көтөрөт.

Иммунитетти дары-дармектерден тышкары жыныстык катнаш дагы көтөрөт. Төшөк оюну маалында организм иммуноглобулин-антигенди иштеп чыгат. Ал антиген сасык тумоо жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы күрөшөт.

3. Өз курагыңыздан жаш көрсөтөт.

Шотландиялык окумуштуу, нейропсихолог Дэвид Уикс жумасына 3 ирет кошулуп турган жубайлар өз курагынан 10 жашка жаш көрүнөрүн айткан. Жыныстык катнаш мезгилинде бакыт гормонунан тышкары организмде дофамин жана нор�адреналин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор картаюу процессин жайлатып, майда бырыштардын түшүүсүнө тоскоолдук жаратат.

4. Стресстен арылтат.

Жыныстык катнаш учурундагы организмден бөлүнүп чыккан допамин аттуу зат адамдын аз да болсо стресстен арылышына жардам берет.

5. Ашыкча салмактын алдын алат.

Жыныстык катнаш учурунда адамдын организминин бардык системасы машыгуу залында машыгып жаткандай иштейт. Жумасына 3 жолу 15 мүнөттөн төшөк оюну менен алектенген адам бир жылда 7500 ккал жоготот. Эгер аны чуркоого алмаштырса, 124 километр менен барабар болот.

6. Жүрөктүн иштешин жакшыртат.

Жыныстык кошулуу инсульт, жүрөктүн катуу кармаган ооруларына профилактикалык дары катары сунушталат. Себеби ал жүрөктүн иштешин жакшыртарын Жаңы Англия илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары далилдешкен. Алардын айтуусу боюнча, дайыма жыныстык жашоодо жашап жүргөн эркектер жүрөк ооруларына 45 пайыз азыраак чалдыгат.

7. Ооруучу сезимдерди жок кылат.

Филадельфиядагы Жорж Эрлих аттуу дарыгер өзүнүн изилдөөсүндө жыныстык катнаш менен артрит оорусун айыктырууга болорун айткан. Анын билдирүүсүндө үзгүлтүксүз кошулуп тургандар кошулбагандарга караганда ооруну жеңил өткөрөт жана көп даттанбайт. Ошондой эле мигрень оорусунун дабасы дагы төшөк оюну.

Яндекс.Метрика