Жаңылыктар

Тааныш кызын жылаңачтап сүрөткө тартып, 50 миң сом талап кылган

Таанышынан акча талап кылган деп шектелген 28 жаштагы жигит камакка алынды, ал кыздын жылаңач тартылган сүрөттөрүн таркатам деп коркуткан. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер дирекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 3-мартта Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну кармалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин («Пара талап кылуу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, аталган жигит 2020-жылдын октябрь айынын аягында 1995-жылы туулган тааныш кызы менен уруша кеткендиги белгилүү болду. «Акыркы жолу көрүшөбүз» деп аны жолугушууга чакырган. Кыз анын унаасына отурганда, ал бычак такап, Ош шаарындагы мейманканалардын бирине алып келген. Андан кийин, бычак менен коркутуп, кызды толугу менен чечиндирүүгө мажбурлап, уюлдук телефонго сүрөткө тартып алган. Кыз бетин колу менен жапканга аракет кылганына карабай аны коркутуп бетин дагы тартып алган.

Андан кийин ал кыздан жакынкы аралыкта 50 миң сом берүүсүн талап кылган. Болбосо, ал сүрөттөрдү интернетке жарыялап, ошондой эле ата-энесине жана анын башка туугандарына жиберем деп коркуткан. Жабырлануучу кыз Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган», — деп билдиришти милициядан.

Эртең, 5-мартта Ош шаардык соту кылмышка шектүүгө карата баш коргоо чарасын карайт.

Яндекс.Метрика