Окуялар

Табышмактуу Аяз ата

Бул окуя жыл сайын жаңы жыл алдында эсиме түшөт. Анда менин бала чагым. 6-класста окуп жаткан учурубуз болсо керек. Свет өчүп, жаңы жыл майрамы түштөн кийин башталды. Биздин класска кезек кечке маал жетти.

Ырдап бийлеп, интермедея аткарып, Аяз ата, аяз кыздан белектер-ди алып кубандык. Алган белектерибизди сумкабызга салып кетели деп жатканбыз. Классташым, бир чети кошунам Канат деген бала “ажатканага барып келеличи” деп чыйпылыктаганынан эски мектептин артындагы урандылардын бур-чундагы ажатканага ээр-чишип бардык.

Экөөбүз карга колубузду жууп, сүйлөшүп келатсак он кадам алдыбыздан кыйгачтай басып Аяз ата келатат. Сакалы аппак, ак жакалуу кызыл чапан кийген, кызыл кабын артына асынган, колунда кебез оролгон таягы бар. “Аа жана Аяз Ата болгон Бекиш агай туалетке келаткан го” деп карап калдык экөөбүз тең. Жакшылап карасам, Бекиш агайга окшобойт, бою да узун экен.

Аа деп оозубузду жыйгыча Аяз ата мектептин эч ким кирбеген кулайын деп турган эски корпусун карай басты. Бизди кылчаккылчак карап коет. Канат экөөбүз далдырап карап тура бердик. Бир маалда ылдыйкы көчөгө кете турган майда чоң балдар биз жакка тапырап чуркап келип, жаныбыздан өтүп кетишти. Аларга алаксып кетипмин, кайра карай салсам аяз атадан дайын жок. Канатты билбейм, мен Жаңы жыл сайын ошол табышмактуу Аяз атаны эстей берем.

Нургазы

Яндекс.Метрика