Жаңылыктар

Таксист кытай жүргүнчүсүнүн өлүп калганын Ошко жеткенде гана билген

Бишкектен Ош шаарына такси менен барган кытайлык жаран көздөгөн дарегине жетпей мерт болду. Бул туурасында «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы да тастыктап, окуя боюнча 2-июндан 3-июнга карган түнү тез жардам кызматы кабарлагынын билдирди.

Маалыматка ылайык таксинин айдоочусу кытайлык жаран кайсы жерде көз жумганын билген эмес. Ал жолоочу уктап жатат деп унаасын айдап келе берген. Анын каза болуп калганын Оштогу мейманканалардын бирине жетип токтогондон кийин билген.

«Бишкектен Ошко такси менен келе жаткан кытайлык 1973-жылы туулган Л.Х. каза болгону аныкталды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Таксинин айдоочусунун айтымында, ал көз жумганын Ошко келгенде билген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм деп катталды.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, бүгүнкү күндө тергөө иштери унанууда», — деп билдирди башкармалык.

Азырынча таксиде башка жүргүнчүлөр бар болгондугу тууралуу маалымат жок. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Алгачкы маалыматтар боюнча жүргүнчүнү жүрөгү кармап калганы болушу мүмкүн.

Яндекс.Метрика