Жаңылыктар

«Таксыр» министр кызматынан кол жууганы калдыбы?

«В Пи#ду звезду» шоусунун айланасында орун алган чуулгандуу окуя Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев үчүн гана эмес, жалпы ата мекендик сахна үчүн дагы олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Маданият министрлигинин башчысы Нуржигит Кадырбеков эки ырчынын сыйлыктары менен алардын концерттерине толук тыюу салуу менен токтолбостон Кыргызстандагы эстрада артисттерине лицензия киргизүүнү пландап жаткандыгы белгилүү болду.

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Комитет Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет жана бул кандайдыр бир деңгээлде деморкатиялык өлкө үчүн сөз эркиндигине тыюу салуу деп эсептейт.

Алар менен кошо социалдык тармактын колдонуучулары арасында бир топ талаш-тартыштар орун алып, элдин ою экиге бөлүндү. Бир тарабы ырчыларды колдоп маданият министринин чечими өтө эле катаал экенин айтышса, башкалары министрдин чыгарган чечими туура экендигин айтышууда.

Курал Чокоевдин чуулгандуу берүүсүнө эл тарабынан реакция болгондон кийин ырчы мындан ары бул автордук программасын болду чыгарбай турганын айтып, элден кечирим сураган.

Яндекс.Метрика