Жаңылыктар

Талант Мамытов барганда Москвадагы кыргыздар митингге чыгышты

Кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү 7-декабрда Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө каршы Орусиянын Мамлекеттик думасынын алдында акция уюштурушту. Акция коронавируска байланышкан карантиндик чектөөлөрдөн улам кыска мөөнөттөгү жөө жүрүш формасында өттү.

«Мигранттар азыркы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө. Алар мамлекет башчысын шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү талап кылышууда »

Эске салсак, Талант Мамытов үч күндүк иш сапары менен Москвага барган. Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда. Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерин, ошондой эле парламенттер аралык өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Яндекс.Метрика