Саясат

Талант Мамытовго «кожоюн» ким экенин эскертти

Россиянын Мамдумасынын төрагасы Мамытов менен кошо баргандарды «тизип» алып кожоюн ким экенин дагы бир жолу эскертти.

«Келечек интеграцияда, биз кайсы өлкөлөрдүн интеграциясы мыкты экендигин билишибиз керек Европа, Америка эч акчан, КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын кучак жайып күтүп албайт.

Айрым өлкөлөрдө интеграция жөнүндө сөз кылган саясатчылар заматта Америка Кошмо Штаттарын карай башташат, кыйын болгон учурда алар Россияга кайрылышат», — деди Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен кошо барган топко.

Видео:

Эске салсак буга чейин Тышкы иштер министри Руслан Казакпаевге Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы «кожоюнуңарды билип жүргүлө» деп айткан.

Яндекс.Метрика