Жаңылыктар

Талаптарды аткаруу менен 11-июндан баштап мечиттерде жума намаз окууга уруксат берилди

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында санитардык эрежелерди толук сактоо менен жума намазын 11-июндан тарта мечиттерде окууга уруксат берилди.

Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу талап кылынат.

Талаптар:

— Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат;

— Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

— Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50 пайыз ашпоосу зарыл;

— Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

— Дааратты үйдөн алуу сунушталат;

— Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

— Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

— Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Яндекс.Метрика