Жаңылыктар

Таласка дарыгер келин алып келгендерге 50 миң сом берилет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кесиби боюнча дарыгер кызга үйлөнгөн, башка облустан Таласка көчүп келүүгө макул болгон эркектерге бир жолку “сүйүнчү” төлөмүн жарыялады.

Маалыматты облустук администрациянын басма сөз катчысы Бакай Садыров тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик дарыгерлердин жетишсиздигин ушундай жол менен чечүүнү көздөп жатат.

«Бизде облуста жогорку квалификациялуу дарыгерлер жетишсиз. 100дөн ашык вакансия бар. Бул маселени чечүү үчүн жетекчилик жарым жыл мурун облуска башка облустан дарыгер келин алып келгендерге 50 миң сомдон төлөп берүүнү убада кылган», — дейт Бакай Садыров.

Жубайы кесиби боюнча дарыгер болгон үй-бүлөгө бир күн мурда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков алгачкы күбөлүк тапшырган. 50 миң сомду Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Чыңгыз Айдаралиев менен жубайы Назгүл Жолдубай кызы алды. Назгүл Жолдубай кызы невропатолог болуп иштейт. Ал жакында турмушка чыгып, Таласка көчүп кеткен.

Яндекс.Метрика