Жаңылыктар

Таласта 24 саат тынымсыз манас айтылат

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрда Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасын өткөрөт.

Маалыматка ылайык, 4-декабрь Манас күнүнө карата Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде иш-чара өткөрүлүп, анда бир сутка бою манас айтылат.

«Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат«

Министрлик бул майрамдык акцияны өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай турганын, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрүн билдирди.

Яндекс.Метрика