Таласта айдоо жерлерди сел алып кетти
Бүгүн, 25-майда кечке жуук Талас облусунда катуу шамал болуп, айрым айылдарда нөшөрлөгөн жаан жаады.
Талас районунун Кум-Арык айылындагы айдоо жерлерди сел жууп кетти. Жергиликтүү тургундар видео тартып, like.kg сайтынын редакциясына жөнөтүштү. Алардын айтымында сел алып кеткен айдоо жерлерине төө буурчак айдалган.
Видео:
Учурда канча аянтты сел алып кеткени такталып жатат.