Таласта алгачкы жолу чоңдор үчүн дүкөн ачылды. Эл нааразы
Талас шаарында алгачкы жолу интимдик товарларды саткан дүкөн ачылды. Ага жергиликтүү мектеп окуучуларынын ата-энелери нааразы болуп жатышат.

Ата-энелердин айтымында, окуучулар ушул дүкөндө сатылып жаткан буюмдарды сүрөткө тартып, бири-бирине жөнөтүп жатышат.

«Бул чоңдор үчүн дүкөн, бирок анын жанында ар кандай майда-чүйдө нерселерди сатышат, андыктан мектеп окуучулары ал жакка барышат», — дешти алар.

«Мен химикаттарды же уу сатпайм. Патентти убагында төлөп турам. Бул буюмдарды балдар эмес, чоңдор гана алышат. Балким, алар кимдир бирөөгө жардам береттир» — деди сатуучу.
Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы бул товарларды сатуу боюнча расмий билдирүү келе электигин билдирди.