Видео Жаңылыктар

Таласта дүкөндө досун сайып өлтүргөн адамга сот өкүмү чыкты

Бир жыл мурун Таласта дүкөндө досун өлтүргөн жигитке сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу шаардык соттун чечиминде айтылат.

Белгилей кетсек, окуя бир жыл мурун болгон. Адам өлтүрүү учуру дүкөндө орнотулган видеокөзөмөл камерасына жазылып калган.

Соттолгон адам 25 жашта. Талас шаарында туулган, билими орто, жумушсуз, үй-бүлөлүү. Мурда соттолгон эмес. 2020-жылдын 12-октябрында түнү кыз узатуудан кийин достору менен кафеге барган. Алардын арасында маркум болгон, анын менчигинде алар айдаган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа болгон. Ал унааны маркумду өлтүргөн адам айдап бара жаткан.

Ал рулду башкара албай калып, бордюрду сүзгөн. Ошондон улам чыр-чатак тутанган. Соттолгон адам маркумду коркутуп, уруш чыккан. Бирок достору аларды бөлүп, супермаркетке чогуу барышкан. Ал жерден досун четке алып чыгып, текчеден алынган бычак менен сайып салган.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды. Ал кыз узатуудан спирт ичимдиктерин ичип, андан ары эч нерсе эсинде жок экенин белгиледи. Ал эч кимди өлтүргүсү келбегендигин айтып, маркумдун жакындарынан кечирим сураган.

Талас шаардык соту аны “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратып, маркумдун өкүлдөрүнүн пайдасына 110 миң сом өндүрүүнү чечкен.

Окуянын видеосу:

Яндекс.Метрика