Жаңылыктар

Таласта эки аюуну атып өлтүргөн адамга соттун өкүмү чыкты

Бакай-Ата районунда эки аюуну өлтүргөн адам шарттуу түрдө кесилип, 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Тиешелүү чечим 2020-жылдын 2-декабрында райондук сот тарабынан кабыл алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча ал Ак-Дөбө айылында жашайт, туруктуу жумушу жок, Үрмарал өрөөнүнүн Чейим-Таш жайлоосундагы Кызыл-Сай айылынын тургундарынын майда жандыктарын жайып жүргөн.

Ал былтыр август айынын биринде эртең менен аюунун күчүгүн «вепрь 223» карабини менен атып алган. Андан кийин эркек киши аюунун терисин айрып, союп, баштыкка салып алган. Кыргызстанда күрөң аюуну аткандыгы үчүн 1 миллион сом айып пул каралган.

Экинчи аюуну 6-сентябрда аткан. Андан кийин терисин сыйрып, союп, этин баштыктарга салган.12-сентябрга караган түнү Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ауди 80 унаасынан 2 аюунун терисин, этин жана баштарын табышкан.Сот ишинин жүрүшүндө ал адам өз күнөөсүн мойнуна алып, аюунун мамалагын малга жакын келип, кол салуу коркунучун сезгенден кийин атууну чечкенин айтты.

Алгач кыйкырык менен коркуткусу келген, бирок ал эч кандай реакция кылган эмес. Иштин материалдарын карап чыгып, Бакай-Ата райондук соту аны эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу жана 100 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарды. Ошол эле учурда, сот ага пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотту.Мындан тышкары, сот андан 2 миллион сом — ар бир өлтүрүлгөн аюу үчүн 1 миллион сомдон өндүрүү чечимин чыгарды.Аймакта аюуну атып өлтүрүү фактысы биринчи жолу катталган.

Яндекс.Метрика