Жаңылыктар

Таласта келин 3 жаштагы баласы менен кошо көлмөгө чөгүп кетти

14-февралда Талас облусунун Арал айылындагы көлмөгө үч жашар бала чөгүп кеткен. Баланын апасы, 25 жаштагы келин уулун куткарам деп артынан сууга түшүп, кошо чөгүп, көз жумду.

Бул тууралуу 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Баланын атасы уулунун сөөгүн көлмөдөн өзү алып чыккан. Окуя болгон жерге Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу барып, келиндин сөөгүн алып чыгышкан.

Яндекс.Метрика