Видео Жаңылыктар

Таласта МАИ кызматкери айдоочуну сабаган видео тарады

Таласта МАИ кызматкери жүк ташуучу унаанын айдоочусун ургулап жаткан видео социалдык тармактарда тарап жатат. Видеону Эртай аттуу колдонуучу өзүнүн баракчасына жүктөп төмөнкүдөй билдирүү жазган:

«Таласта гаишник грузовойдун айдоочусун сабады акча бербей айдап кеткени үчүн!

Талас облусунда Кыргыз-Казак Чоң-Капка чек арасынын жанындагы Пост-Гаи бар, ал жакта отурган гаишниктер “Толкач” болуп иштейт, акча берсең без очередь өткөзөт, башка фуралар унчукпай күтөт, эчким эч нерсе дей албайт, беспредел, сом бербесең сабаганга чейин барат.

Пост гаи менен границанын ортосунда 100 метр жер бар, акча берсең өздөрү каптал жак менен айдадып өткөүп жиберет, атайын дырка бар, ал дыркадан сом бербей өтүп кетсең аркаңан келип ушуинтип сабап акча алып кетет кайра.

Таможнядагылар да билет, элдин бары билет. Өзгөчө Таластын эмес фура, грузовойлорунан өтө көп акча сыгышат, бир нерсе десе эле баса калышат.

Өз жерибизден көргөн кордукту, Казахстан, Россиядан да көрбөйбүз.

Максат жана Нурмат деген Талас облусунун, Манас районунун гаилери, Таможнядан чыккан да ар бир машинадан 200 сомдон 2000 сомго чейин алат.

Яндекс.Метрика