Видео Жаңылыктар

Таласта Жерүй алтын кенинин иштешине каршы болгон эл чогулууда

Талас районунда жайгашкан Жерүй алтын комбинатына кеткен жолдо эл чогулууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында жергиликтүү эл алтын кенинин иштешине каршы пикирлерин президент Садыр Жапаровго айтышат.

Видео:

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

Яндекс.Метрика