Жаңылыктар

Таластагы алтын комбинаты Жерүйдө массалык мушташ орун алды

Бул тууралуу «Эл байлыгы-бийлиги» коомдук уюму жазып чыкты:

«Жерүй алтын кенинде жергиликтүү эл менен Алтын Альянс компаниясынын өкүлдөрү Самат Толубаев, Насирдин Алымсейитовтун ортосунда мушташ болуп, жергиликтүү тургун сабалган. Мушташты Самат Толубаев жана аны коштогон Насирдин Алымсейитов баштаган.

Жергиликтүү тургундун баш мээси чайкалып, түрдүү жаракат алган.
ИИМ Самат Толубаевке чара көрөбү жокпу? Күтө туралы! Чара көрбөсө жергиликтүүлөр өздөрү чара чара көрөөрү турган иш. Насирдин Алымсейитов жана Самат Толубаевдей акмактарды ташбараңга алабыз деп жаштар демитүүдө. ИИМ тез арада чара көрбөсө эл ичи тынч эмес.»-деп жазган.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 4-мартта маалымат таратып, социалдык тармактарда тараган “Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат иликтенип жатканын кабарлады.Милиция кабар Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, мыйзамга ылайык текшериле турганын кабарлаган.

Яндекс.Метрика