Жаңылыктар

Таластан чыккан кылмыштуу топ Бишкекте кармалды

7 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бишкекте кылмышты ишке ашырганы жаткан жеринен милиция кызматкерлери жана атайын спецназ менен биргеликте колго түшүрүштү.

Бардыгы тең Талас шаарынын тургундары. Алар 1985-жылы туулган О.У. 1991-жылы туулган К.М. 1991-жылы туулган М.Н. 1991-жылы туулган С.Д. 1999-жылы туулган Н.С. 2000-жылы туулган Т.У.

Алар атайын кылмыш жасоону пландап Таластан Бишкек шаарына келишкен. Алардын батиринен «АКСУ» үлгүдөгү 5,45 калибрлүү автомат, 2 магазини менен 75 патрон, 2 рация, телефондор табылган.

Булардын үчөөсү ИИМде атайын кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат. Учурда булардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар жогу аныкталып жатат.

Кармоо учурундагы видеосу

https://www.instagram.com/tv/CFRaUXyjFDv/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика