Жаңылыктар

Таластын губернатору кызматтан алынды

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.

Яндекс.Метрика