Жаңылыктар

Таластын мэрин кызматтан кетиришти

Бүгүн, 4-ноябрда Талас шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары шаардын мэри Айдар Жузупбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Сессияга 21 депутат катышкан. Эл тарабынан депутаттарга кысым көрсөтүү аракети болот деген маалымат болгондуктан, сессияны жабык эшик артында өткөрүү чечими кабыл алынганын. Депутаттар шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришкенин шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков билдирди.

Талас шаарынын 7-чакырылышынын депутаттары сессияга катышабыз деп барган элди эшикке кууп чыгып, эшиктерди илип алып, жашыруун добуш берип мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бул сессия мыйзамдарды бузуу менен уюшулган интригалык жол менен өттү. Мындай мыйзамсыз сессияны өткөргөнү учун Талас шаардык Кенешинин спикери Адыл Жусупбеков кызматынан алынсын! Өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып өз ара сүйлөшүп соодалашып бири бирине акча сунуштаган депутаттардын мандаты алынып токтоосуз таркатылышы керек жана бул мыйзамсыз сессияны уюштурган депутаттар тобу сот жообун тартылышы зарыл!

Талас шаарынын тургундары, ардагер аксакалдар, активист жарандар

Яндекс.Метрика