Дүйнөдө

Талиптер Тажикстандын чек арасына миңдеген аскерлерин жөнөттү

Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Муджахиддин айтымында, талиптер Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Тахар провинциясына миңдеген аскерлерин жөнөткөн.

Забихулла Муджахид өзүнүн Твиттерине аскердик машиналардын жана аскер кийимин кийген адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, «Мансури Ислам Эмиратынын Армиясынын он миңдеген атайын күчтөрү Тахарга потенциалдуу коопсуздук коркунучтарын жана башка чакырыктарды жоюу үчүн жайгаштырылганын» деп жазган.

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасынын узундугу 1400 километрден ашат. Акыркы убакта Тажикстан тажик-ооган чек арасында Россия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башка мүчөлөрү менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүп, аларды чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн колдонууда.

15-августта радикалдуу Талибан кыймылы Ооганстандын бардык аймагында толук көзөмөл орнотулганын жарыялаган.

Яндекс.Метрика