Жаңылыктар

Тапанча менен ок чыгарган кызды милиция кармады

Милиция тоодо тапанча менен ок чыгарган кызды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Буга чейин социалдык тармакта 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз кыз белгисиз маркадагы тапанчадан аткан видео тараган. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, кызга тиешелүү чараларды көрүү сунушталган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында төмөнкү жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди:

Б.А. 2000-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

1985-жылы туулган А.Ж., Бишкек шаарында тургуну. Алардан травматикалык тапанча алынган, анын ээси жогоруда аталган жаран А.Ж. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодо чагылдырылган окуя 17-майда Чычкан капчыгайынын аймагында болгон. Кыздын айтымында, видеону анын досу тартып алган. Андан кийин ал социалдык тармактарга тараткан. Бул факты боюнча юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Яндекс.Метрика