Видео Жаңылыктар

Ташиев: «Баткенде кыйраган үйлөрдү өзүбүз курабыз»

Тажик тарап Баткенде кыйраган үйлөрдү калыбына келтирбейт. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Видеону Регион Телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов жарыялаган. Чиновник менен сүйлөшүүдө тургундар Кыргызстан Тажикстандан жок дегенде талкаланган курулуштардын бир бөлүгүн калыбына келтирип берүүнү суранабы деп сураган.

«Кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү өтүнүчү менен биз Тажикстанга кайрылбайбыз. Биздин күчүбүз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү. Өз күчүбүз менен элибизге үйлөрдү курабыз. Эгерде тажик тарап жасаган ишине өкүнүп, келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча сунуш киргизсе, анда биз муну карайбыз, бирок азыр биз Тажикстанга жардам сурап кайрылбайбыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал кошумчалагандай, талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштери бир жуманын ичинде башталат. «Күзгө чейин бардыгы жаңы үйлөрүндө жашашат», — деп сөзүн жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Эскерте кетсек, чек арада акыркы жаңжал 28-апрелде башталып, 3 күнгө созулган.

Яндекс.Метрика