Жаңылыктар Саясат

Ташиев менен Матраимов тойдо чогуу чардап жүрүшөт

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен бажы кызматынын мурдагы орун басары, коррупцияга шектелип мамлекетке акча төлөп кутулуп кеткен айтылуу Раим Матраимов тойдо чогуу отурушкан. Бул тууралуу активист Али Токтакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана ал «кармап», соттомуш болгон коррупционер Райымбек Матраимов тойдо чогуу чардап жүрүшөт. Экөөнүн партиясы биригип кеткенин, былтыры «Мекеним Кыргызстан» менен чыккандар быйыл кайсы партияга киргенин көрүп атасыңар.

Райым менен кошо коррупциялык схема түзгөнүн моюнга алып, 8 млн сом төккөн дагы бир бажычы ошол партиядан талапкер экен. Алар менен коррупциялык кылмыштарды жасаганын моюнга алып, 12 млн сом төлөгөн башка таможенник бир мандаттуу округдан коюптур. (макаланын ссылкасы комментарийде)

Акыйкаттык, мамлекеттүүлүк, коррупцияга каршы күрөш үчүн ушул бийликти колдоп атам дегендерге боорум ачыйт. Силерге куру убаданы берип, ишендирип коюп тигилер үстүңөрдөн мыскылдап гана турушат. Эл алданганда, акыйкатты таппай арданганда жаман болчу эле…Азыркы бийлик элге так белги бериши керек. Өзгөчө шайлоонун алдында: Коррупционерлер менен табакташпы же таза Кыргызстанды курууну көздөйбү?»-деп жазган ал.

Яндекс.Метрика