Жаңылыктар

Ташиевдин абалы белгилүү болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге операция жасалды. Ал жүрөгүнө операцияны ийгиликтүү көтөрдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Телеграм каналында жарыялады.

Атайын кызматтын башчысы өзүн жакшы сезип жатканы белгиленди.Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Камчыбек Ташиевге жүрөк оорусу диагнозу коюлган.Дарыланууга кетээрдин алдында Камчыбек Ташиев өзү чет өлкөгө кетип жаткандыгын айткан.

«Мен үчүн дуба кылып койгула, мага жардамыңар керек. Кудай сактасын баары жакшы болот. Эл үчүн өмүрүмдү курмандыкка чалууга даярмын”, — деп жазган атайын кызматтын башчысы.

Туугандарынын айтымында, Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө кан уюп калгандыгы аныкталган. Аны Германиянын клиникаларынын биринде немис хирургдары жасашты.

Яндекс.Метрика