Видео Кызыктуу

Ташиевдин чуулгандуу видеосу. Ал ойлонбой эле Өзбекстанга 100 гектар жер берип салганбы?

Социалдык тармактарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «ошол жерден булар бизден 100 гектар жер сурады. Мен башында билбей эле 100 гектар деп коюпмун, кийин анан балдар «100 гектар берсек болбой калат, себеби ал жерде чек ара заставабыз, жолубуз бар, 50 гектар берсек жетишет деп айтышты», — деп айтканын чагылдырган видео тарап жатат.

Видео:

Журналист Шайырбек Абдрахманов Ташиевдин айтканын таң калуу менен кабыл алганын жазып чыкты:

«Камчыбек Ташиев 100 гектар жерди билбей эле ала бергиле дептирмин, кийин ошол жердеги кызматкерлер ал жерде биздин застава бар, жол бар, 50 эле гектар жер бериңиз дегенинен 50 гектар жер бердик деп сүйлөгөн видеосу таркап жатат. Эгер ал кишинин ушул айткан сөздөрү монтаж эмес, чын болсо, анда өтө осол иш деп эсептейм.

Бир жерге сүйлөшүүгө бараткан адам даярданып ийне-жибине чейин эсептеп барат да. Анын үстүнө өлкөбүздүн аймагы, ата-бабалардан калган жер боюнча такташуу «балп» этип коюп эле келе бергидей иш эмес го. Чынын айтсам, Камчыбек мырзанын билбей 100 гектарга макул болуп, ала бергиле дептирмин деген сөзү мени өтө түйшөлтүп, бизди башкарып жаткан бийликтеги адамдардын адекваттуулугу жөнүндө түрдүү ойлорго батырып жатат.

Эгер бул сөздүн эки жагын иликтеп, ага филологиялык жана психологиялык анализ жүргүзө турган болсок, мындай суроо же тагыраак айтканда, суроолор пайда болот. Камчыке, дагы кайсы жерде ушинтип билбей сүйлөп жатасыз? Сиз дагы канча жерди ушинтип билбей эле ала бергиле деп алдыңыз? Сиздер алдыда дагы канча жолу билбей сүйлөп таштайсыздар? Дагы суроолор көп эми, бирок азырынча ушуну менен тынайын», — деп жазган.

Яндекс.Метрика