Саясат

Ташиевдин иниси депутаттык мандатын тапшырат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиевден Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырууну суранды.

УКМКнын башчысы 23-январда маалымат жыйынында билдиргендей, бир үй-бүлөдө бир нече саясатчы болбошу керек. «Иним Шаирбек депутат болду. Анын шайлоо өнөктүгү башталганда мен андан өлкөдөн чыгып кетүүсүн сурандым. Ал шайлоого 2 күн калганда кайтып келген. Эл менен болгону эки күн жолуккан.

Кечээ Шаирбекке телефон чалып, сын болуп жатканын айттым. Үйдө бир саясатчы болушу керек. Мен андан мандатты тапшырууну сурандым. Ал менин сөздөрүмө макул болду. Шаирбек жакын арада мандатын тапшырат. Ташиевдердин үй-бүлөсүнөн саясатчылар чыкпайт. Мен саясаттан кеткенден кийин алар саясатка аралашып кетиши мүмкүн”, — деди Камчыбек Ташиев.

Шайырбек Ташиев 7-чакырылыштагы (№14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу), «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон.

Яндекс.Метрика