Кызыктуу

Ташиевдин ойлонбой сүйлөп алганынан аялдар азап тартууда

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Өзбекстан сураган 100 гектарды «болуптур» деп салып кайра 50 гектар жерди бере турганы айтылган. Чек арада жашаган эл, айрыкча аялдар 50 гектар эмес 1 сотых жер бербейбиз деп ал жерге боз үй тигип, желектерди желбиретип сайып коюшту.

«Биринчи сүрөттөгү энелер «Кемпир Абадды бербейбиз. Жер бергиче жан беребиз! “ деп боз үй тигип, тууну сайып, жер кайтарып отурган энелер. Жакында тиги “баатырыңар” уйкусурап кетип, “Мейли” деп Өзбектерге канча бир гектарды берип койбоду беле.

Бизде азыр баатырлар — кыздар, айымдар, энелер, сиңдилер, эжелер, карындаштар! Кыргыздан духу аялдарда эле калыптыр! Калганыңар акыйнек айтып отурасыңар менин көчүгүмдү тиктеп. Тээп — чаап калгыла!Айзаданын өлүмүнө аялдар күйдү! Эркектер кресло талашты.» — деп жазган ар тараптуу эксперт Назира Айтбекова.

Яндекс.Метрика