Жаңылыктар

Ташиевдин уулу Баткенге жөнөп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Баткенге кетти. Бул тууралуу Өткүрбек Кубанычбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал акыркы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам берүүнү уюштуруп, Баткенге аттанган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткени айтылган.

Андан соң Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатканын жазган. Баткендеги чырга байланыштуу жергиликтүү тургундар маселени чечип берүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

Алар абал курч болгондуктан бийлик өкүлдөрү келип, маселени чечип берүүсүн жана буга чейин айтылган сөздөргө жооп берүүсүн талап кылышууда.

Яндекс.Метрика