Жаңылыктар

Ташиевге кайрылган 9 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

2020-жылдын 21-декабрында Кемин районунандагы 9 жаштагы кыздын суранычы боюнча алдын-ала текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Эске салсак, Кемин шаарындагы №1 орто мектептин окуучусу А. Шакирова өзүнүн кайрылуусунда пандемиянын жайылышынан улам анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктарга туш болуп, мектеп акысын төлөй албай, апасынын эмгек акысынын аздыгына байланыштуу азык-түлүк сатып ала албай жаткандыгын билдирген.

Ушуга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери Ташиевдин тапшырмасы менен Кемин шаарына барышып А. Шакированын үй-бүлөсү 5 адамдан тургандыгын жана чындыгында материалдык жардамга муктаж экендиги аныкташты.

Балдарга эң керектүү тамак-аш, жаңы жылдык белектер жана кеңсе буюмдары берилди.
Өз кезегинде А. Шакированын үй-бүлөсү Камчыбек Ташиевге көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Мындан тышкары А. Шакированын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп ага тиешелүү баа берилет.

Яндекс.Метрика