Ташиевге Кыргыз эл баатыры наамын берүүгө кол топтолуп жатат. Ташиевдин берген жообу
Толугу менен ташиев
Бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Аксы районунун эли Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү боюнча кол топтоп жатканын айтышты. «Суроо-жооптордун» жүрүшүндө айыл тургуну микрофонго келип, аткарган иши үчүн ыраазычылыгын билдирип, андан кийин Ташиевге Эл баатыры наамын берүүнү сунуштады.Сунушка Ташиев: “Азырынча мен бул наамга татыктуу эмесмин. Дагы көп иштешим керек», — деди Камчыбек Ташиев.